Ош: SkyBar клубунда милиционер сабалып комага түштү, шектүү кармалды

Image descriptionОш шаарындагы SkyBar түнкү клубунда эс алуучулар ортосунда пикир келишпестик чыгып, 28 жаштагы милиционер сабалып комага түштү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрь болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында болгон.

Ош ОИИБдин кызматкери Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилген.

Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 21, 22, 23 жаштагы эки тургуну кармалып, «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

12-сентябрда Ош шаарынын соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, бир ай камакта калтырылды.

Ал эми жабырлануучунун дагы эки кесиптеши күбө катары өтүүдө. Териштирүү уланууда.