УКМК: Депутат Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

12-сентябрда УКМК Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси «алдамчылыкка» жана «расмий документтерди жасалмалоого» шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызматтан депутаттын жардамчысы 2021-жылы жасалма документ жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип Жогорку Кеңешке мыйзамсыз ишке орношконун белгилешти. Ошондой эле ал айлык жана кошумча төлөм алып жүргөн. Учурда казынага келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

«Андан тышкары ал ортомчулук кызмат көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечүүдө жетекчиликтин атын жамынып, алдамчылык жолу менен тургундурдан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып турган»,
— дешти атайын кызматтан.

Буга чейин эл өкүлү Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүп, күч кызматкерлери анын жардамчыларын кармап кеткени кабарланган. Молдобекова ал учурда Өзбекстанда болгонун, кармалган экинчи киши жардамчысы катары документке кол коё элек стажёр экенин айткан.