Ош: Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Image descriptionОш облусунун Кара-Суу районунда «Алдамчылыкка» шектелип 38 жаштагы тургун кармалды. Ал «Тилла» каймана аты менен кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турарын билдиришти облустук милициядан.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-июлда жердеши андан Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын убактылуу пайдаланууга алып, карызын төлөө үчүн башка бирөөгө берип жибергенин билдирген.

Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 14-сентябрда шектүү катары Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Шектүү мурда да соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө анын үстүнөн дагы үч жабырлануучудан ушундай эле мазмундагы арыздар катталган. Жабырлануучуларга болжолдуу 4 млн 800 миңден ашык зыян келтирген» — дешти милициядан.

Териштирүү уланууда.