Аскат Алагозов азыркы тапта өлкөдө тигүү, курулуш тармагында жумушчу күчтөр жетпей жатканын айтып, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтууга чакырды.
«Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер»,
— деди ал.
Алагозов кызыккандар 1899 кыска номери же 0559 189-900 WhatsApp номери аркылуу байланышка чыкса болорун белгиледи.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы тапта Орусияда 400 миңден ашык кыргызстандык миграцияда жүрөт.
Барган сайын Орусияда миграттар үчүн мыйзамдар катаалдап барат. Жакында эле полицияга мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген мыйзамга кол коюлган.
Андан тышкары орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзам кабыл алынган.