Милдеттүү аскердик кызмат өтөгөн адамдарды колдоо максатында мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда билим алуу акысын 50 пайызга төмөндөтүү демилгеси коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоордун депутаттар Эрнис Айдаралиев, Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Айбек Маткеримов демилгелеген.
Алардын айтымында, мындай жеңилдик — аскерде кызмат өтөгөндөрдүн эмгегин таануу жана алардын кызматта өткөргөн убактысынын ордун толтуруу. Бул жаштардын аскерге баруусуна кошумча дем берип, жакшы даярдыктагы аскерлердин санын көбөйтүүгө жардам берет.
«Көптөгөн аскер кызматчылары милдеттүү кызматын аяктагандан кийин жарандык турмушка аралашууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Окуу акысын арзандатуу аларга ийгиликтүү ишке орношуу жана кесиптик өсүү үчүн керектүү билим алууга жардам берет», — деп эсептейт демилгечилер.