«Аю Холдингдин» экс-президенти кармалды

Image descriptionУКМК уюшкан кылмыштуу топту каржылоо ишинин алкагында «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы экс-президенти Бактыбек Өмүракуновду кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен каржылык байланышы болгон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Өмүракуновдун Өзбекстан кылмыш дүйнөсүнүн лидери деп айтылып келген Салим Абдувалиев (“Салимбай байбача») менен да байланышы болгону аныкталды. Ал бизнес жүргүзүүдө Абдувалиевдин колдоосун алууну каалаган. Өмүракунов менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал кылмыштуу топтор менен болгон байланышынан жана криминалдык идеологиядан баш тартуу милдеттенмесин алды», — деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызмат жарыялаган видеодо Өмүракунов «Ташкентте “Салимбай байбача” өткөргөн иш-чарага барганына өкүнүп жатканын» жана «өлкө жетекчилигинин кылмыштуулук менен жемкорлукка каршы күрөшүн колдорун» айткан.