Депутат Бишкекте мопедге жана электр чыгырыгына тыюу салууну сунуштады

Image descriptionЖогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкекте мопеддер менен электр чыгырыктары үчүн инфраструктура пайда болгонго чейин транспорттун бул түрлөрүнө тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, азыр мопед жана электр чыгырыктары менен көбүнчө жаштар жүрүп, жөө кишилерди сүзүп кеткен жана жолдордо автоунаалар менен кагышкан учурлар көп катталууда.

Депутат Жылдыз Садырбаева акыркы жарым жылдын ичинде скутерлер, мопеддер жана электр чыгырыктары катышкан 109 жол кырсыгы катталганын билдирди.

Буга чейин бийлик электр чыгырыктарында жүрүү эрежелерин киргизүүнү пландап жатканы кабарланган.