Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы көкпар боюнча финалдык беттеш кызуу талкуу жаратты. Кыргыз спортчулары адилетсиздик болгонун, казакстандыктар оюн эрежелерин одоно бузганын билдиришти. Казак тарап дооматтардын баарын четке кагып, спортко туура келбеген жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргызстанды кийинки көкпар оюндарынан четтетүүнү сунуштады.
8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын баш калаасы Астана шаарында 89 өлкөдөн барган 2,5 миңден ашык спортчу катышкан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Медалдык эсепте биринчи орунга Казакстан, экинчи орунга Кыргызстан курамалары жайгашты.
Контекст: Биз жазып жаткан чыр көкпар оюнунун финалында болгон. Бул кыргыздардын көк бөрүсүнүн аналогу эсептелген казактардын улуттук спорт түрү. Эки оюндун ортосунда бир катар айырмачылыктар бар, бирок негизи бир эле — улакты же муляжды каршы команданын «дарбазасына» салуу. Кыргыз жана казак спортчулары ири мелдештерде оюнду кимдин эрежеси боюнча өткөрүү боюнча талашып-тартышып келишкен. Жыйынтыгында бул спорттун эки башка түрүнүн пайда болушуна алып келди. Алгачкы жолу көкпар көкбөрү менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына 2022-жылы Түркияда киргизилген. Анда көкпардан казакстандыктар, көк бөрүдөн кыргызстандыктар жеңишке жеткен. Быйыл Астанада өткөн оюндарда да ушундай болду.
Спорттун эки түрүндө тең Кыргызстан менен Казакстан курамалары күчтүү топ болуп эсептелет. Эки өлкөдө тең көк бөрү жана көкпар оюндарын көргөнү стадион толо күйөрмандар чогулуп, оюндар бийликтин колдоосу менен өткөрүлөт.
Камчы менен чапкылап, күч кызматкерлеринин коркутуусу
12-сентябрда Астанада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча финал өттү. Кыргызстан курамасы биринчи бөлүктө 3:1 эсебинде утуп жаткан учурда казак спортчусу Улан Байтөреев кыргыз оюнчусу Кубанычбек Султан уулун камчы менен эки жолу чаап жиберген. Бул окуядан кийин оюнчулар ортосунда чыр чыгып, оюн убактылуу токтотулган, аларды жергиликтүү коопсуздук кызматкерлери тынчтандырууга аракет кылышкан.
Кыргыз тарап Улан Байтөреевди оюндан четтетүүнү талап кылган, бирок калыс аны талаадан эки мүнөткө гана чыгарган.
Бир канча убакыттан кийин уланган беттештин жыйынтыгында Кыргызстан курамасы жеңилип, дароо эле апелляция берген. Кыргыз тарап талаа ээлерин агрессивдүү жүрүм-турумга, ал эми калысты адилетсиз чечимдерди кабыл алууга айыптаган.
«Бул адилетсиз жыйынтык. Биз үчүн Кыргызстан чемпион. Уят эле болду. [Казакстандык спортчулар] өздөрү эреже бузушту. Алардын оюнчусу биздин спортчуну камчы менен чаап жибергенин баары көрдү. Калыс дайыма эле казактардын пайдасына ышкырып жатты. Бул адилетсиз оюн. Биз чындып иренжип калдык», — деп билдиришкен кыргыз күйөрмандары «Озодлик» радиосунун журналистине.
Өз кезегинде казак улакчысы Абылайхан Нышанбеков командалашы кыргыз оюнчусун анын дарегине бир нече жолу уят сөздөрдү айткандан кийин чаап жибергенин билдирди.
«Бул анын намысына тийип, камчы менен чаап жиберген. Оюн учурунда ар кандай жагдайлар болот. Бирок оюн талаасында болгон нерсе, ошол жерде калды деп ойлойм. Эч ким эч кимди муштум менен урган жок, камчы менен сокку болду», — деди Нышанбеков.
Сыйлоо аземинде кыргыз курамасынын бир катар оюнчулары тагылган медалдарын чечип, Казакстандын гимдин укпастан кетип калышкан. Казак оюнчулары муну кыргызстандыктардын диалогго барууну «каалабаганы» деп аташкан.
Андан соң интернетке «агрессивдүү» оюндун видеосу тарап, бул чыр оюн талаасынын сыртына чыкты. Абалды көкпар боюнча кыргыз курамасынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаровдун билдирүүсү курчутуп жиберди. Ал кыргыз тарапка полиция жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери басым көрсөтүшкөнүн айткан.
«Адилетсиздик болорун билгенбиз, бирок мынчалык деңгээлде, казактын улакчыларынын такымына бастырып, аларга ыктап ышкырып, төрт улак таштоого жол ачып, адилетсиздик кылат деп ойлогон эмеспиз… Калыстар келип бизди сөгүп атты, милициялары келип биздин улакчыларды сабап атты. [Бирөө] “КНБнын кызматкеримин, сен элди бөлүп атасың” деп мага [өзүнүн] күбөлүгүн көрсөтүп, коркутуп, сүрөткө тартты. Аябай басым болду», — деген Абдыкапаров УТРК Спорт телеканалына курган маегинде.
Кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети алардын кызматкерлери Көчмөндөр оюндарында тартипти камсыз кылууга катышпаганын, андыктан кыргызстандыктарга басым көрсөтө алмак эмес деп билдирген.
Реваншпы же оюндардан четтетүүбү?
Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов финалдык беттеш учурунда казак оюнчулары тарабынан 14төн ашык одоно эреже бузуу болгонун айтты.
Ошол эле маалда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көкпар боюнча башкы калыс Тасканбек Есентаев калыстар тарабынан эч кандай одоно ката болбогонун билдирди. Анын айтымында, атаандашын камчы менен чаап жиберген казак улакчысы Улан Байтөреев оюндан эки мүнөткө четтетилген. Ал кыргыз тарап Байтөреевди оюн талаасынан толук чыгарууну талап кылганын, бирок көкпардын эрежелеринде мындай жаза каралбаганын кошумчалады.
Есентаев сыйлоо аземинде медалдарын чечип, Казакстандын гимнин укпастан кетип калган кыргыз спортчуларынын «маданиятсыз жүрүм-турумуна» каршы чараларды көрүү керек деп эсептейт.
«Көчмөндөр оюндарынын жобосунда айып салуу же оюндан четтетүү жазалары жок, бирок биз уюштуруучулар комитетинин төрагасынын атына жана Этноспорттун [бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын] президенти Билал Эрдогандын атына кат жазабыз. Ал уюштуруучулардын бири жана анын тиешелүү ыйгарым укуктары бар. Так айта албайм, балким айып пул же оюндан четтеттүү болушу мүмкүн. Эгер үч жылга дисквалификация болсо, анда кийинки Көчмөндөр оюндарында алар көкпар боюнча мелдештерге катышпайт», — деди Есентаев.
Ошондой эле ал эреже боюнча апелляция оюндан кийин бир сааттын ичинде берилерин, бирок Кыргызстандын командасынан жазуу жүзүндө апелляция болбогонун кошумчалады.
16-сентябрда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы казак курамасына реванш-беттеш өткөрүүнү сунуштады. Уюмдун башчысы Рамис Жунусалиевдин айтымында, казак тарап сунушту кабыл алса, оюндарда үчүнчү өлкөдөн келген адистер калыстык кылат.
«1-ноябрда Ысык-Көлдө “Биримдик Кубогун” өткөрөлү деп Казакстанга расмий чакыруу жөнөттүк. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан курамасы менен ойногон көк бөрү жана көкпар командаларын ошол курамда чакырдык. Бул оюн, оюн спорт болгондон кийин эки элдин ортосунда ар кандай туура эмес ой-пикирлер болбосун. Максатыбыз [көк бөрүнү] дүйнөгө таанытуу болгондуктан, өзүбүздүн жеке амбициябыздын баарын сыртка тыштап, эки элдин ынтымагы үчүн бардык кадамдарга барганга даярбыз», — деди ал.