Бул тууралуу Казакстандын көкпар федерациясы жергиликтүү Informburo.kz басылмасына билдирди.
«Федерация Ысык-Көлдө өтө турган биримдик кубогуна катыша албайт, анткени ал күнгө башка маанилүү мелдештер пландалган. Учурда көкпарчылар бул оюндарга даярданып жатышат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстандын курамасына 1-ноябрда өтө турган «Биримдик Кубогуна» расмий чакыруу жөнөткөн.
Федерациядан мындай турнирлерди тез-тез өткөрүп туруу жаралган пикир келишпестикти жоюуга жана федерациялар ортосунда сегиз жылдан бери жоголгон достук мамилени калыбына келтирүүгө жардам берээрин белгилешкен.