Москва облусунда мигранттарга соода, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө тыюу салынат

Орусиянын Москва облусунда 2025-жылдын 1-январынан тарта мигранттарга патенттин негизинде алкогол жана тамеки соодасы, тез татым, социалдык кызматтар, спорт, маданият, эс алуу, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында иштөөгө тыюу салынат.

Облус башчысынын орун басары Наталия Масленкина муну жергиликтүү тургундардын арасында мигранттардын ишине даттангандар көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, чектөөлөр «алдыдагы ыктымал чыр-чатактарды азайтуу» үчүн киргизилүүдө.

«Бул чектөөлөр патенттин негизинде иштеген 5,6 миң мигрантка таасир этиши мүмкүн. Алардын орду биздин мекендештер же ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары менен толтурулат», — деди Масленкина.

Буга чейин «Агентство» орус бийлиги өлкөдөгү аймактардын дээрлик үчтөн биринде мигранттардын ишине чектөөлөрдү киргизгенин эсептеп чыккан. Алардын көбүндө чет өлкөлүктөрдүн таксиде иштешине тыюу салынган.

Москаванын жака белиндеги «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы теракттан кийин Орусиянын бардык аймактарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга каршы жапырт агрессиялык аракеттер башталган.

Мындан тышкары орус президенти Владимир Путин мигранттарга каршы бир нече мыйзам долбооруна кол койгон. Арасында полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген, ошондой эле орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзамдар бар.