Садыр Жапаровдун жээни үй камагына чыкты

Image descriptionБишкектин Биринчи май райондук соту президент Садыр Жапаровдун буга чейин кармалган жээни Улан Жапаровду тергөө аяктагыча, тагыраагы 19-сентябрга чейин үй камагына чыгарды.

Сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн 24-августта канааттандырган. Ал Жапаровдун камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнгөн.

Улан Жапаров быйыл июль айында кармалган. Ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык боюнча айыпталган. Өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов окуя тууралуу комментарий берип жатып, «өлкө жетекчилиги мыйзамсыз иштер менен алектенгендерди жаап-жашырбайт» деп билдирген.

Президенттин бул тууганы биринчи эле жолу кармалып жаткан жок. Ал 2023-жылдын июль айынын башында ал Бажыдагы коррупция иши боюнча кармалган. Анын кармалышы боюнча мамлекет башчысы өзү комментарий берип, «азыр башка убак», баарына «бирдей мамиле» жасалат деп билдирген. Өткөн жылдын октябрь айында Улан Жапаров үй камагына чыгарылган болчу.