Укук коргоочу Азиза Абдирасулова абактагы Карабаевдин өмүрү коркунучта экенин билдирди

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Илимдер академиясынын абактагы мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин өмүрү коркунучта экенин айтып, фейсбук барагына анын жазган катын жарыялады.

Карабаев катта аны УКМКнын тергөөчүсү Азат Султаналиев коркутуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, тергөөчү эгер ал туурауу ЖМК жана соцтармактарда «жамандап жаза турган болсо, түбүнө жетээрин айткан».

Ошодой эле Карабаев эгер абакта анын «ден соолугу жана өмүрүнө зыян келтирилсе УКМКнын кызматкерлери күнөөлүү» деп эскертти.

«Мен эч качан өзүмө кол салбайм, эч кимге өлөм деп айткан эмесмин жана андайга барбайм. [...] Эгерде менин ден соолугума жана өмүрүмө зыян келтирилсе УКМКнын кызматкерлери, анын ичинде Азат Султаналиев күнөөлүү», — деди ал.

Карабаевдин адвокаты Акынбек Ногойбаев маалыматты «Азаттыкка» ырастап, иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлүп, отурум 8-октябрга болорун билдирди. Ал эми УКМК катка байланыштуу маалымат бере элек.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кесиптешин УКМКнын буйрутмасы менен «ыңгайлуу» эксперттик корутунду чыгарып бергени үчүн сынга алган. Көп өтпөй атайын кызмат Карабаевди «Жапырт башаламандыкка чакырык жасоо» айыбы менен кармаган.