Жети-Өгүздө зордукталган 9 жашар кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат

Image descriptionОкуяны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри көзөмөлгө алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Ысык-Көлдө 9 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу 16-сентябрда белгилүү болгон. Шектүү катары Барскоон айылынын 19 жана 25 жаштагы эки тургуну кармалган. Окуяны ички иштер министри да көзөмөлгө алган.