Баткенде УКМКнын кезектеги жаңы имараттары ачылды

Image description18-сентябрда Баткендин Кадамжай районундагы УКМКнын жаңы имараты ачылды. Ал эми Бүргө айылында дагы бир имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Иш-чарага атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү катышты.

Ал куттуктоо сөзүндө Кадамжайда дагы деле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөру бар экенин айтты.

«Буларга тез арада чра колдонбосоңор, мен силерге катуу чара колдоном. Коррупционерлер дагы чек ара аймагында кандайдыр мыйзамсыз иштерге барышууда, мындай болушуна жол берилбеши керек жана тез арада мындай көрүнүштөрдү жокко чыгарышыңар керек», — деди Ташиев.

Атайын кызматтан жаңы имаратта кызматкерлердин ишине зарыл болгон бардык шарт бар экенин белгилешти.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын имараттары жаңыланып, ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыктабайт. Акыркы жолу Ташиев өлкө боюнча УКМКнын 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.