«Кармай берип тажап да калдык». Ташиев жемкорлор үчүн жазаны катаалдаткысы келет

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары коррупционерлер күнөөсүн моюндап, тергөө менен кызматташса да камалат деп билдирди. Бул тууралуу ал Баткендеги УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында айтты.

Ташиев азыр сот коррупцияга шектелип кармалгандарга айып салып, коё берип жатканын белгиледи. Анын айтымында, жеңил жаза менен кутулган ошол эле кишилер кийин кайра эле кызматка орношуп, коррупцияга аралашып жатат.

«Коррупция кайсы бир деңгээлде азайды, бирок түгөнгөн жок. Азыркыга чейин токтото албадык. Коррупционерлерди кармай берип, камай берип, алар кайра чыгып кетет. Чын айтканда бир жагынан тажап да калдык. Эмне кылышыбыз керек? Демек, биз мыйзам чегинде, мыйзамдарды өзгөртүү менен коррупцияга каршы күрөштү катаалдаштырышыбыз керек», — деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы жемкорлорго айып салуу чарасын мыйзамдан алып таштап, аларды соттоп, шартуу жаза менен мөөнөтүнөн мурда коё берүүгө тыюу салууну сунуштады. Ошондой эле жемкордун туугандарына да мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салгысы келет.

Ташиев акыркы жылдары сот тутумунун 10дон ашык кызматкери коррупцияга шектелип кармалып, бирок алардын баары абактан чыгып кеткенин кошумчалады.