Тергөө абагындагы Азимбек Бекназаров президентке кайрылды

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган саясатчы Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кайрылды. Катты Азимбек Бекназаровдун уулу — Руслан Бекназаров фейсбук барагына жарыялады.

Бекназаров 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу таппаганын билдирди.

«Урматтуу президент, УКМК мени 2010-жылдын майында Улуттук Банктан 1 млн долларды расписка менен алып, аны максаттуу иштетпей өзүнө кымырып алган деп айып койду. Ошол жылы майда Улуттук Банктан 1 млн доллар албаганымды күзүндө ЖКга депутат болуп шайланып, ушул маселелер боюнча ЖКдан атайын комиссия түздүрүп иликтеткен жана Башкы прокуратура аркылуу текшерткен депутат катары Ташиев экөөңүздөр эң жакшы билесиздер», — деп айтылат катта.

Ошондой эле Бекназаров акыркы жылдары ага жана анын жакындарына кысым болуп жатканын кошумчалады.

Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип 12-сентябрда кармалган. Кийин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2-ноябрга чейин ТИЗО-1ге камалган.