Мекеменин маалыматына ылайык, мектепти бүтүп кеткендер «Өз мектебиңди колдо» деген челленджге катышса болот. Министрликтен Ш.Жээнбеков атындагы лицей-интернаттын бүтүрүүчүлөрүн мисал кылып, алар окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана иш-чараларды өткөрүү залын оңдоо үчүн атайын фонд түзүшкөнүн билдиришти.
«Эгер сиз өз мектебиңизди колдогунуз келсе, анда сүрөт же видеолорду социалдык түйүндөрдө же , хэштеги менен бөлүшүңүз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.