Кыргызстандык мигранттар балдарын Москвадагы мектептерге киргизе албай жатканын айтып нааразы болушууда

Москвада жашаган кыргызстандыктар балдарын орус мамлекеттик мектептерге киргизе албай жатканына нааразы. Алардын кайрылуусун коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактарга жарыялады.

Мигранттар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине киргизбей жатышканын да билдиришкен. Алар Минкабдан жана Жогорку Кеңештен алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранышты.

«Биз салык төлөөчүлөрбүз. Алар бизди текшерүүдөн өтпөй жатканыбызды шылтоолоп, быйыл балдарыбызды таптакыр албай жатышат. Бизде миңден ашуун бала мектепке кире албай, баарыбыз үйдө отурабыз. Арабызда убактылуу жашоого уруксаты барлар жана Орусиянын жарандыгын алгандар да бар. Элчиликке жете албай жатабыз, бизди киргизбей жатышат», — дешти кайрылгандар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча элчилик Орусиянын Президенттик администрациясы, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине кайрылганын билдирди. Ошондой эле, жалпысынан 224 бала Москвадагы мектептерге кабыл алууну күтүп жатышатканын кошумчалашты.

«Орусия тараптын айтымында, балдарды билим берүү мекемелерине киргизүүдөгү кыйынчылыктар биринчи кезекте, айрым мектептерде бош орундардын жоктугуна байланыштуу», — деп түшүндүрдү министрликтен.

ТИМ бул маселе мекеменин өзгөчө көзөмөлүндө экенин жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

2024-жылдын башындагы расмий маалыматка ылайык, Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык жашаган. Бирок алардын канчасы мектеп жашындагы балдар экени тууралуу маалымат жок.