Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда кызамык катталган учурлар азаюуда

Саламаттык сактоо министрлиги «өлкөдө кызамык катталган учурлар азайып жатканын» билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, вирус негизинен стационардык очоктордун эсебинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго чектеш райондорунда жайылууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин өлкө боюнча кызамык жуктурган 49 учур катталган. Бул көрсөткүч июль айында 828ди, августта 260ты түзгөн. Жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктын 13 320 учуру катталган.

Кыргызстанда кызамык оорусунун кескин жайылуусу 2023-жылы башталган. Республикалык санитардык-эпидемиологиялык борбор буга «балдар менен чоңдордун арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйгөнү» негизги себеп болуп жатканын билдирген.  

Ошол эле жылы аймактарда кошумча эмдөө өнөктүгү башталган. Анын жүрүшүндө Талас облусунда максаттуу топтогу балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарын облусунда 76% жана Баткен облусунда 72% эмделген.