Самыйкожо тургундар «бардык көйгөйлөргө» депутаттарды күнөөлөп жатканын билдирди

Image descriptionЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 19-сентябрдагы жыйынында жарандар «бардык көйгөйлөргө» эл өкүлдөрүн күнөөлөп жатканына нааразылыгын билдирди.

Анын айтымында, тургундар депутаттардын милдеттерине эмнелер кирерин билиши үчүн парламенттин ишмердүүлүгүн мамлекеттик телеканадардан көрсөтүү керек.

«Жол салган, суу чагырган, социалдык объектилерди курган — бул депутаттын жумушу эмес. Муну өкмөт жасайт. Көчөдө автотыгын болсо деле, “депутаттар эмне кылып отурат?”, аялы менен күйөөсү урушуп кетсе деле “депутаттар эмне кылып отурат?”. Бир нерсе болсо эле “депутаттар эмне кылып отурат?” [...] Мамлекеттик телеканалдарга ким эмнеге жооп берерин көрсөткүлө деп тапшырма берүү керек», — деди Самыйкожо.