УКМК 30 млн сомдук алтын аткезчилигине бөгөт койду

Image descriptionАтайын кызматтын маалыматына ылайык, 17-сентябрда «Кең-Булуң» өткөрүү бекетинен Казакстанга бара жаткан «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Аны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3,3 килограммды түзгөн алтын куймалары табылган. Унаа ээлеринде алтынды өлкө сыртына чыгарууга уруксат берген документтер болгон эмес.

УКМК учурда бюджетке келтирилген чыгымдын көлөмүн тактоо жана бул алтын аткезчилигине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.