УКМК «Кыргызмунайгаздын» 65 млн сомдук акциялары мамлекетке кайтарылганын билдирди

Image descriptionАтайын кызматтын маалыматына ылайык, 383 590 акцияны компаниянын мурдагы жетекчиси Б.Р.А. төмөндөтүлгөн баада сатып алган.

«Б.Р.А. 2019-жылы “Кыргызмунайгаз” ААКнын башкармалыгынынын төрагасы болуп турганда ишкананын активдери менен мүлктөрүн орусиялык “Газпромго” сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, үлүшү аз акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алган. Андан соң өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, компаниянын көрсөтүлгөн акцияларын төмөндөтүлгөн баада сатып алып, өзүнө байланышы бар адамдарга каттатып койгон»,
— деп билдиришти УКМКдан.

Мекеменин маалыматына ылайык, «жүргүзүлгөн иш-чаралардан» кийин Б.Р.А. «Кыргызмунайгаздын» 65 млн 615 миң сомдук акцияларын өз каалоосу менен мамлекетке өткөрүп берди.