Бишкекте мурдагы аялын сабоого шектелген киши кармалды

Социалдык тармактарда Бишкекте аялды унаага күчтөп салууга аракет кылган кишинин видеосу тарады. Анда шектүү аялды чачтан сүйрөп, жулмалаганын көрүүгө болот.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы шектүү 34 жаштагы тургун экенин, аял болсо анын мурдагы жубайы экенин кабарлашты.

Милицияга көчөдө аялды уруп жатканы тууралуу билдирүү 21-сентябрь саат 15:30 чамасында келип түшкөн.

Шектүү кармалып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.