Бишкектин мэри коомдук транспортто жол кире төлөөнүн жаңы системасын сунуштады

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев мэриянын жыйынында тиешелүү кызматтарга коомдук транспортто жол кире төлөөнүн системасын кайра карап чыгууну тапшырды.

Жаңы системада жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде бир нече жолу автобус которо турган болсо, жол кирени бир эле жолу төлөтүү каралууда.

«Мисалы, эгер жүргүнчү үч жолу автобус которгондо 51 сом (накталай эмес түрдө ар бирине 17 сомдон) төлөп жатса, бул программа менен болгону 17 сом төлөп калат», — деп билдиришти мэриядан.

Былтыр декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жүрүүнүн жаңы тарифин бекитип, ал 2024-жылы январдын ортосунда күчүнө кирген. Ага ылайык, накталай төлөгөн учурда автобустар менен троллейбустарда жүрүүнүн акысы 20 сомду, накталай эмес төлөгөндө 17 сомду түзөт.