Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча колдонмо иштелип чыкты

«Easy Kyrgyz» же «Кыргызча оңой» деп аталган колдонмону Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан. Анын жардамы менен орус жана англис тилдүү колдонуучулар кыргыз тилинин А1 (баштапкы) деңгээлин үйрөнө алышат. Колдонмо бардык үлгүдөгү смартфондор үчүн жеткиликтүү.

2023-жылы президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ал бардык аткаминерлерди, саясатчыларды жана мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилинде сүйлөөгө, ошондой эле иш кагаздары менен документтерди кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттендирет. Мындан тышкары окуучулар менен абитуриенттер кыргыз тили боюнча сынактарды тапшырууга милдеттендирилген.