Сузак: Шайлоодо «Жалал-Абад» санаториясынын директорунун орун басары алдыга чыкты

22-сентябрда Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо талапкер Алтынбек Кылычбаев 10 миң 174 добуш менен алдыга чыкты. Ал «Жалал-Абад» санаторийинин директорунун орун басары.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Кылычбаев 10 миң 174, Медербек Сапарбаев 3 миң 280, Жыргалбек Сейдахматов 2 миң 493, Мелисбек Кошалиев 2 миң 435, Асилбек Арапбаев 1 миң 351, Юлия Лилиенталь 749, Бейшенбек Бегматов 212 добуш алган.

Бул округда 81 шайлоо участогу ачылган. Жалпы 124 миң 429 шайлоочунун тизмеси такталып, добуш берүүгө 21 миң 57 киши катышты.

Эң көп добуш алган Алтынбек Кылычбаев 47 жашта. Ал «Жалал-Абад» санаторийинин директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары миграция министрлигинде иштеп, 2015-жылы «Республика – Ата-Журт» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.

Буга чейин бул округдан Тазабек Икрамов депутат болгон. Бирок ал өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Икрамов бул анын «жеке чечими» экенин белгилеп, бирок себебин түшүндүргөн эмес.