Бишкекте үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт

Бишкекте үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт. Ага 700 делегат чакырылды, уюштуруу иштери менен Министрлер кабинети жана Президенттин иш башкармалыгы алектенет.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда өтсө, экинчиси былтыр декабрда өткөн.

«Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору кабыл алына электигине карабастан өлкө бийлиги 2022-жылы ноябрда биринчи Элдик курултайды өткөргөн. Аны президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети ага чейин четке каккан болчу.

Юристтер курултайды президент чакыртканын мыйзамсыз деп атап, өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен. Анткен менен президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирген.