Бишкекте мамкызматкерлерге жумасына эки күн коомдук транспорт менен гана жүрүү сунушталды

Президенттик администрация муниципалдык кызматкерлердин жеке унаасын колдонуусун чектөө боюнча Бишкек мэриясынын демилгесин колдоду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эми Бишкектеги бардык мамлекеттик кызматкерлерге шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен гана жүрүү сунушталды.

Мэриядан бул чара мамлекеттик кызматкерлердин «жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы түшүнүшүнө жардам берет» деп эсептешет.

Муниципалдык кызматкерлердин жеке унааларын колдонуусуна быйыл май айында чектөө киргизилген. Анда мэриядан бул чара шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана коомдук транспорттун абалына көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү максатында көрүлүп жатканын белгилеп, бул жол тыгындарын азайтууга да жардам берерин билдиришкен.

Жакында эле мэриянын 64 жетекчиси жана кызматкери мэрдин тапшырмасын аткарбагандыктан, аларга тартиптик чаралар көрүлгөнү кабарланган.