Бишкекте ижарага батир табуу — нерви жукалар үчүн эмес. Жалган жарыяларга ишенип, акчасынан куру жалак калган ижарачылар абдан көп, ал эми электрондук аянтчалар шектүү сунуштарды иргей албай келишет. Шылуундардын тузагына түшүп калбаш үчүн эмне кылуу керек? Батир издөөдө эмнелерге көңүл буруу зарыл? 

Ош облусундагы Макаренко айылынын тургуну Алия көптөн бери Бишкекте жашоону кыялданып жүрүп, акыры КМТУга окууга өткөн. Бирок башка көптөгөн студенттер сыяктуу эле турак-жай маселеси жаралган. Жатаканаларда бош орун калбай, шаарда тууган-туушканы жок болгондуктан, ага өз алдынча батир издөөгө туура келген. Алия күн сайын жарыяларды карап, шаардын четиндеги ыңгайсыз варианттарга же баасы өтө эле кымбат батирлерге туш болгон. Анын мугалим болуп иштеген ата-энесинде мындай чыгымды көтөрүүгү мүмкүнчүлүгү жок эле. 

Күндөрдүн биринде айласы кеткен Алия Lalafo'дон бир жарыя көрүп калат — агенттиктердин бири жеткиликтүү баада жана ыңгайлуу райондордо жайгашкан батирлерди сунуштап жаткан экен. Жалгыз шарты — маалыматтар базасына кирүү үчүн 1000 сом төлөө керек болгон. Ийгилик жылмайып калабы деп үмүттөнгөн Алия тез эле аларга көрсөтүлгөн сумманы которгон.

Акча төлөнгөндөн кийин агенттик чынында эле Алияга жарыялар чыккан жабык телеграм-каналга кирүү мүмкүндүгүн берген. Ал анда батирлердин көптүгүнө абдан кубанган, бирок кийин алардын көбү ижарага берилип кеткени же тапткыр эле ижарага берилбей турганы аныкталган. А агенттик болсо анын телефон чалууларына жооп бербей калган. Ошондо Алия алданып калганын түшүнгөн.

«Иргеп чыккыбыз келет, бирок кантип кылышты билбейбиз» 

Бул схеманы Орусияда жүргөн мигранттар жакшы билишет. Алар мындай сунуштарга ишенбей калышкан. Бирок соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөргө караганда, Бишкекте батир издөөдө тажрыйбасы аз жарандар мындай алдамчылыкка көп туш болушат. Турак-жай ижарасы боюнча адистер муну баш калаадагы батирге болгон суроо-талап түзүмүнүн өзгөргөнү менен байланыштырууда.

Риэлтор Малика Кадырова буга чейин шаарда батир ижарасына болгон суроо-талап сезондук мүнөзгө ээ болуп келсе, азыр туруктуу болуп калганын айтат. «Турак жайды Орусиядан, Индиядан, Пакистандан келгендер ижарага алып жатышат. Кайтып келген кыргыз мигранттары да активдүү алууда. Мындан тышкары батирлерди кыйла арзаныраак ижарага алган жергиликтүү жашоочулар да бар», — деди ал.  

house.kg ресурсунун маалыматына ылайык, 2022-жылдан бери Бишкекте турак- жай ижарасы 34%га өскөн. Азыр Орусияда мобилизация башталгандан кийинкидей баалар жок болгону менен, согушка жана пандемияга чейинки баалар кайтып келген жок. Мунун баары ижара базарындагы баалардын тез өсүүсүн камсыздап, кыргызстандыктар соцтүйүндөргө жазып жаткан алдамчылыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.  

«Клооп» соцтүйүн колдонуучулары даттанып жаткан эки кыймылсыз мүлк агенттигине кайрылды. Алардын биринен («Имарат») «[алардын телеграм-каналында] 1000ден ашык киши отурарын жана жарымынан көбү батир тапканын» билдиришти. Бирок кайсы жерден тапканын тактап айтышкан жок. «Фридом» агенттигинин аккаунту журналисттердин суроолоруна таптакыр эле жооп берген жок.  

Кыргызстандагы электрондук аянтчалар азырынча турак-жай ижарасы жөнүндөгү жарыялардын аныктыгын текшере албайт. «Биздин аудитория өсүп жатат, аны менен кошо шылуундар да [өнүгүүдө], — деп түшүндүрүштү Lalafo'нун сатуу бөлүмүнөн. — Биздин модераторлор муну менен күрөшүп жатышат. Соцтүйүндөрүбүздө, чаттарда эч кимге акча которбогула же карта номурун бербегиле деп билдирүүлөрдү жөнөтүп турабыз. Тактап айтканда, биз эскертебиз, компания эскертет. Биз деле [шылуундардын] мындай сунуштарын иргеп чыккыбыз келет, бирок азырынча аны кандайча натыйжалуу кылуу керектигин түшүнбөй келебиз». 

Алдоонун башка да схемалары бар. Алардын эң популярдуулары төмөндө:

  •  Батирди акча төлөп көрүү же «алдын ала ээлеп коюу» 

Кимдир бирөө өзүн батир ээси катары көрсөтүп, ижара жөнүндө жагымдуу жарыя жайгаштырат. Бирок чынында андай батир таптакыр эле жок да болушу мүмкүн. Сиз жарыя боюнча телефон чалып, батирди ижарага алууну каалагандар көп экенин, кимдир бирөө аны алдын ала ээлеп коюу үчүн акча бергени жатканын, ошондуктан башкалардан эртерээк бир аз аванс төлөп коюу керектигин угасыз.    

Схеманын дагы бир варианты — «турак жай ээси» батирге баруудагы ыңгайсыздыктарга даттанып, аны көрүү үчүн символикалык түрдө акча төлөп коюуну сунуштайт. Биринчи учурдагыдай эле «аванс» төлөнөрү менен жарыядагы телефон номуру жооп бербей калат. 

  • Жасалма сайттар

Схеманын авторлору жарыялар чыккан популярдуу аянтчанын аталышына дээрлик окшош болгон домен менен жасалма сайт түзүшөт. Батир издеген жаран пайдалуу сунуштар топтомун мессенджер же почта аркылуу алып, жагымдуу жарыяга шилтеме аркылуу өтөт. «Ижара берүүчү» менен сүйлөшкөндөн кийин кардарга онлайн төлөө сунушталып, аны төлөм коопсуз ресурс аркылуу жүргүзүлөрүнө ишендиришет. Колдонуучу картадагы маалыматтарын жазары менен ал дароо эле «риэлторлордун» колуна түшөт.   

Схеманын башка версиясында жарыялар реалдуу сайтка жайгаштырылат, бирок «батир ээси» сүйлөшүүнү мессенджер аркылуу улантып, ижараны төлөө үчүн ошол эле сайтка окшош шилтемени жөнөтөт. Кардар транзакция коопсуз деп ойлоп, жасалма сайтка маалыматтарын киргизет. Ошол замат акча да, «риэлторлор» да жок болуп кетишет. 

  • Кош ижара

Батир издеген жаран жагымдуу жарыяны көрүп, менчик ээсинин «өкүлү» менен байланышат. Ал батирди келип көрүүнү сунуштап, бирок турак жайдын ээси өзү келе албай турганын айтат. Же болбосо шылуун документтерди жасалмалап, өзүн батирдин ээси катары көрсөтөт.

Ортодо ижара келишимине кол коюлуп, кардар ижара акысын төлөйт — көбүнчө эки айга алдын ала төлөнөт. Шылуун түрдүү адамдарга жана түрдүү убакта батирди келип көрүп кетсе болорун айтып, бул схеманы бир нече жолу кайталайт. Алардын баарына тең кийинки айдан баштап жашай берсе болорун убадалайт. Жыйынтыгында шылуун дайынын билгизбей жоголуп, кардар эч нерсеси жок калат. 

Көчүп киргенче төлөбөңүз

«Этажи» кыймылсыз мүлк агенттигинин ижара бөлүмүнүн башчысы Алла Зиновьеванын айтымында, ижарачылар менен батир ээлеринин өз кызматы үчүн пайыз ала турган риэлторлордун ортомчулугусуз эле түз байланышуу аракети алдамчылыкка шарт түзөт.   

Бирок Алия сыяктуу жарандардын агентке комиссия төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан эгер сиз өз алдынча батир издеп, шылуундардын тузагына түшүп калбоону кааласаңыз, кыймылсыз мүлк агенттигинин бир нече кызматкери берген төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

  • Көчүп киргенде гана төлөңүз

Батирди ижарага алуу жөнүндөгү келишимге кол коюлганга чейин эч кандай «кызматтар» үчүн акча төлөбөңүз. Ак ниет ортомчулар сиз келишимге кол койсоңуз гана өз жардамы үчүн акы алышат. Батир ээлерине келишим түзүлүп, ачкычты колго алгандан кийин гана акча бергениңиз жакшы. Анан да кийин ар бир төлөмдү ырастай алуу үчүн ижара акысын банк аркылуу төлөө туура болот.   

  • Ижара берүүчүнү текшериңиз

Ижара келишимине кол коёрдун алдында сөзсүз түрдө турак жайды сизге ким берип жатканын текшериңиз. Сиз сүйлөшүп жаткан адам чынында эле батирдин ээси экенине же анын ыйгарым укуктуу өкүлү экенине ынаныңыз. Андан паспортун жана менчик укугу жөнүндөгү документтерин сураңыз.  

  • Келишимди туура түзүңүз

Ижара келишими жазуу түрүндө түзүлүшү керек. Анда ижара мөөнөтү, төлөө суммасы менен шарттары жана тараптардын укуктары менен милдеттери жазылышы шарт. Ортодогу макулдашуулардын бардыгынын сөз жүзүндө калбай, кагазга жазылганы өтө маанилүү. 

  • Батирди жакшылап карап чыгыңыз

Ижара акысын берүүдөн мурда батирдин жарыяда көрсөтүлгөн жана кожоюну айткан шарттарга туура келер-келбесин, жашыруун кемчиликтеринин бар-жогун текшериңиз.

Кыргызстандыктар ижара базарындагы көз боёмочулукка арызданып милицияга кайрылабы жана кайрылса милиция аларга жардам береби? ИИМдин жана ШИИБдин басма сөз кызматтары бул суроолорго бир ай мурда эле жооп берүүнү убадалашкан, бирок бир нече жолку эскертүүлөрүбүзгө карабастан, бүгүнкү күнгө чейин жооп беришкен жок.