Минкаб башчысы жыл соңуна чейин өлкөдөгү бардык үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды

Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга мындай тапшырманы өлкөдө 2024-жылы болгон селдердин кесепеттерин жоюуга арналган кеңешмеде берди.

Жапаров тобокел аймактарда жайгашкан үйлөр да камсыздандырылышы керектигин белгиледи. Анын пикиринде, үйлөрдү камсыздандыруу — табият кырсыктары катталган учурларда жарандарды каржылык жактан коргоону камсыз кылып, турак жайынан ажыраган үй-бүлөлөр үчүн кесепеттерди азайтат.

Минкабдан камсыздандырыла элек үйлөрдүн так санын айтышкан жок. Бирок ӨКМдин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин 2024-жыл үчүн жарыялаган маалыматына ылайык, Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар аймактарда бери дегенде эле 55 миң турак үй жайгашкан. Алардын канчасы камсыздандырылганы белгисиз.

«Камсыздандыруу адамдардын жаратылыш кырсыктарынан тезирээк калыбына келишине жана мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берүүчү маанилүү курал болуп калат [...]  Министрлер Кабинетинин башчысы жыл сайын глобалдык жылуулукка байланыштуу жаратылыш кырсыктарынын саны өсө турганын белгиледи. Ушуга байланыштуу кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп калат», — деп жазылган Минкабдын билдирүүсүндө.

Жапаров ошондой эле сел коркунучу жаралган учурда коопсуздук чаралары боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеевдин айтымында, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 сел катталып, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган. Анын ичинен 102си зыянга учураса, 138и капиталдык оңдоого муктаж.

2024-жыл селдердин жана андан каза болгон адамдардын саны боюнча Кыргызстан үчүн рекорддук жылдардын бири болуп калды. Быйыл селден өлкө боюнча 22 адам каза болсо, алардын көбүн балдар түзөт.