Айке Бейшекеева — Temirov Live'дын журналисти. Ал башка кесиптештери менен бирге өзүнүн туулган күнүндө — 16-январда кармалып, ошондон бери камакта отурат. Күн мурун прокурор бул иштин бардык фигуранттары үчүн алты жылдык абак жазасын сураган.
Бейшекеева Кыргызстанда башаламандыктарга чакырык жасоо (чынында башаламандык да, чакырык да болгон эмес) айыптары менен соттолуп жаткан чакта,
Прагада ал эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Бул сыйлык адам укуктарын жана эркиндигин коргоодогу көрсөткөн каармандыгы үчүн ыйгарылат.
«Былтыр бул сыйлыкты египеттик жаш журналист алган. Эки жыл мурда кубалык активистке берилген», — деди журналист Болот Темиров.