Акыйкатчы жалган маалымат тараткандарга айып салган мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырды

Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдө мыйзам долбоорунда сунушталган айып пулдун өлчөмү Укук бузуулар кодексинде каралган чектен бир топ ашып кеткени айтылат.

«1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы – негизсиз жогору. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт», — деди акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.

Мекемеден укук бузууга белгиленчү жаза кылмыш жазасынан бир топ төмөн болушу керектигин, ал эми жалаа менен мазактоо кылмыш эмес экенин белгилешти.

Жаманбаева демилгечилерди документтеги карама-каршылыктарды жоюуга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду алып салууга чакырды.

Аны менен катар, акыйкатчы сөз эркиндигин камсыз кылуу жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо зарыл деп белгиледи.

27-августта Маданият министрлиги ЖМК, интернет жана соцтүйүндү колдонуп жалган маалымат тараткандарга жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, жалган, жаңылыш же адаштыруучу маалымат тараткан жеке жактар 100 миң, юридикалык жактар 200 миң сом айыпка жыгылат.