Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча прокурордун апелляциялык арызы каралышы керек болчу. Бирок иштин фигуранты Азимбек Бекназаров адвокатынан баш тартканына байланыштуу отурум 4-октябрга жылды.
«Анын Кемпир-Абад иши боюнча адвокаты акыркы эки жумадан бери ага кирген эмес жана аны менен суроолорду макулдашкан эмес. Ошондуктан ал [Бекназаров] адвокатынан баш тартты. Судьялар ага жаңы мамлекеттик адвокат берүүнү чечишти»,
— деди «Апрель» каналына иштин фигуранттарынын бири Равшан Жээнбеков.
14-июнда Биринчи май райондук соту кылмыштын курамы жок деген негиз менен Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 27 кишинин 22сине карата актоо өкүмүн чыгарган. Калган беш фигуранттын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Ага чейин прокурорлор соттон «жапырт башаламандыктарды уюштурууга даярдык көргөн» деп айыпталып жаткандардын баарын 20 жылдан абакка кесип, мүлктөрүн конфискациялоону өтүнгөн.
12-июлда мамлекеттик айыптоо Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча апелляциялык арыз жазып, фигуранттардын баарын күнөөлүү деп табууну сураган.