Ошто 15 жашар өспүрүм көз жарды, 28 жаштагы шектүү камакка алынды

Image description22-сентябрда Ош облустук төрөт үйүндө Ноокат районунун 15 жаштагы тургуну көз жарды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Бул факт боюнча «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип Ноокат районунун 28 жаштагы тургуну кармалды.

Ош облустук соту 26-сентябрда аны 2 айга камакка алды. Учурда тергөө уланууда.