Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Rampage (Рэмпейдж) компьютердик клубунда администратор болуп иштеп, баңгизат сатып жүргөн деп айыпталууда. Андан 0,35 жана 1,13 грамм гашиш баңгизаттары алынган.
13-сентябрда Ош шаардык соту шектүүнү бир айга камакка алды. Тергөө уланууда.