«Суу кечпеген каралоо». Ташиев Аспеков жазды делген кат боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга курган маегинде активист Мелис Аспековдун абактан жазды делген каты боюнча комментарий берди.

Катта Садыр Жапаров 2020-жылы митинг өткөрүү үчүн Райымбек Матраимовдон 3 млн доллар алганы жазылган болчу.

Ташиев 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин Аспеков ишкерлерден «Садыр Жапаровго алып барып берем» деп алдап акча алып жүргөнүн айтты. Ташиев бул боюнча далилдер бар экенин, Аспеков ошого жоопко тартылганын белгиледи..

«Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек. Райым Матраимов миллиондогон долларларды киши куруп калгансып Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер Райымдын 3 миллион долларды Мелиске бергени чын болсо, анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бул маселе боюнча Райымга суроо берилген. Ал “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат” деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз», — деди Ташиев.

Мелис Аспеков жазды делген катты 26-сентябрда активист Тилекмат Күрөңов жарыялаган. Анда Аспеков 2020-жылы 9-октябрда «Бишкекте саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Райымбек Матраимовдон 3 млн доллар алып Садыр Жапаровго бергени» жазылган. Ал бул боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Камчыбек Ташиевге кайрылган.