Укук коргоочулар: Бейөкмөт уюмдар реестри — кыргыз мыйзамдарына жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине каршы келет

26-сентябрда «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун укук коргоочулары бейөкмөт уюмдар ресстри жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу Минкабдын токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин Административдик сотуна кайрылышты.

Августта кабыл алынган токтомду изилдеп чыккан юристтер Минкаб анда ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген жыйынтыкка келишкен.

Укук коргоочулардын айтымында, токтом Кыргызстандын Конституциясына, бир катар мыйзамдарына жана Кабминдин өзүнүн 2022-жылдагы токтомуна каршы келет.

Юристтер ошондой эле бейөкмөт уюмдар реестринен улам Кыргызстандын эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелери да аткарылбай жатканын белгилешти. Алар буга Жарандык укуктар тууралуу пакт боюнча милдеттенмелерди жана ЕККУ менен БУУнун принциптерин мисал келтиришти.

Укук коргоочулар май айында бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга киргизилген жоболорго байланыштуу Конституциялык сотко кайрылып, аларды жараксыз деп табууну өтүнүшкөн. Бирок анда соттук коллегия алардын арызын кабыл алуудан баш тарткан.

Ага чейин Кыргызстандын Юстиция министрлиги «чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын» реестрин түзүүнүн жана алардын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекиткен.

Президент Садыр Жапаров «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» мыйзамга 2-апрелде кол койгон. Анын айтымында, бул мыйзам пайда гана алып келет, себеби «баары ачык жана бирдей шартта иштейт». Ошондой эле Жапаров анда коммерциялык уюмдарга эч кандай куугунтук болбойт деп ишендирген.

Ага чейин ондогон бейөкмөт уюмдар менен активисттер президентти аталган мыйзамга кол койбоого чакырышкан. Алардын пикиринде, мыйзамдагы нормалар жарандык уюмдардын ишин катуу чектейт жана ачык эле репрессивдүү мүнөзгө ээ.