«Уурдабасын деп». Президент 40тай жетекчиге айлыктан тышкары акчалай көмөк көрсөтүп келээрин айтты

Президент Садыр Жапаров бийликтегилерге мамлекеттин келечеги маанилүү экенин бегилеп, коррупцияга аралашкан кызматкерлердин бирин да аябай турганын айтты.

Бул тууралуу ал «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси менен кызматкерлеринин коррупция шектелип кармалганы боюнча комментарий берип жатып билдирди. Ал таза иштесин деп «Унаанын» башчысы Рустам Жокоевге айлыктан тышкары 2000 доллар жардам берип келгенин айтты.

«Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз. Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам», — деди ал.

Өлкө башчысы айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотуш керек экенин белгилеп, элди күбөлүктү сатып алам деген ойдон арылууга чыкарды.

«Таза мамлекетти куруп кетишибиз керек. Ушул жерден унаанын кызматкерлерине бир суроом бар да. Силер, күбөлүк сатып аткан адамдар, келечекте силердин өзүңөрдүн эле жакындарыңарды, небере-чөбөрөлөрүңөрдү кокус бир жерден кагып кетип, зыянга учуратпайт деп кепилдик бере аласыңарбы?» — деп суроо салды ал.