Сокулуктагы «Аю» ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекетке кайтарылды

Image descriptionБул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 1-октябрда кабарлады.

Аталган жер мурда «Аю» холдингине тиешелүү болгону айтылды. Базар баасы 267 млн 639 миң сомго бааланган жердин жалпы аянты 2223 чарчы метрди түзөт.

«Комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган», — дешти атайын кызматтан.