Ташиев «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетин күтүүсүз текшерди

Image description26-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетин пландан тышкаркы текшерди. Анын толук кандуу иштешине тоскоол болгон бир катар койгөйлөрдү аныктап, жергиликтүү кызматтарга эскертүү берди.

Атайын кызматтан текшерүүдөн соң Өзбекстанга кирип-чыккан адамдарды үзгүлтүксүз тейлөө үчүн оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча көзөмөл терезелери ачылганын белгилешти.

Мындан сырткары, калкты тейлеген кызматкерлердин саны тогузга көбөйтүлүп, алардын иштөө убактысы кайра каралып чыкты.