«Унаанын» жаңы директору болуп Улан Карыпбеков дайындалды

Image descriptionТиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 1-октябрда кол койду. Карыпбеков буга чейин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп иштеген.

Мамлекет башчынын башка буйругу менен Рустам Жокоев «Унаанын» жетекчиси кызматынан алынды. Ал жакында эле мекеменин бир нече кызматкери менен бирге жемкорлукка шектелип кармалган.