Кара-Көлдө 14 жаштагы кыз көз жарды, аны зордуктоого шектелип агасы кармалды

Image description19-сентябрда Бишкектеги Республикалык төрөт үйүндө 14 жаштагы кыз көз жарды. Ал Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан келген.

Жалал-Абад облустук милициясы «Клоопко» окуя ошол эле күнү каттоого алынып, иликтөө иштери башталганын билдирди.

Кыз укук коргоо кызматкерлерине сексуалдык зомбулукка кабылганын айткан. Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары кыздын 15 жаштагы агасы кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алганы айтылат. Соттун өкүмү менен шектүү эки айга камакка алынды.