Жапаров: Кыргызстанда доллар менен өлчөнгөн беш-алты миллиардер жана 200дөй миллионер бар

Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде өлкөдө доллар менен өлчөнгөн беш-алты миллиардер жана 200дөй миллионер бар экенин айтты. Алардын айынан кирешелерди легалдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, байлар акчаларын чет өлкөлөрдөгү оффшорлордо сактайт. «Мамлекет аларга акчаны өз мекенинде мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бергенине карабай, баары алып келбегенин» кошумчалады.

«Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.
Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз», — деди ал.

Жапаров миллиардерлер менен миллионерлерди мүлкүн «коркпой» Кыргызстанга алып келүүгө чакырды.

Ал арада 30-сентябрда Министрлер кабинети “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. Документке ылайык, коррупциядан түшкөн акчаны мыйзамдаштырууга болбойт.