Актилек Капаров: Адилеттүү чечим чыгарылат деп күтөбүз

Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live'дын мурдагы жана азыркы журналисттеринин иши боюнча акыркы процесс өтүүдө. Бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн.

Журналисттер сотко колдоруна кишен тагылган боюнча алып келинди. Бүгүн алар акыркы сөздөрүн айтышат.

Иштин фигуранттарынын бири Актилек Капаров алар адилеттүү чечим чыгарылат деп күтүп жатышканын айтты.

«Клооптун» журналистти сот отуруму ачык өтүшү керек болгонуна карабастан, залдан бардык ЖМК өкүлдөрү чыгарылып, эшикти жаап алышканын билдирүүдө.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо айыпталуучулардын ар бири үчүн алты жылдан эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Temirov Live'дын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган. Фигуранттардын бардыгы тең тагылган айыптарды четке кагууда.