Кыргызстандын ТИМи Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согушту токтотууга чакырды

Тышкы иштер министилиги 2-октябрда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согушту токтотууга чакырып, тобокелчиликтердин күчөшүнө байланыштуу кыргызстандыктарга Израил, Иран жана Ливанга барбай турууну сунуштады.

ТИМ жаңжалдашып жаткан тараптарды эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын сактоого, аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырды.

«Кыргызстан согуштук аракеттерди тез арада толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат», — дешти министрликтен.

Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга чакырды.

Ал аймактагы кыргызстандыктарга кандайдыр бир жардам же маалымат керек болсо, төмөнкү номерлерге байланышса болот:

Кувейттеги элчилик — +96525359951;
Түркиядагы элчилик — +905456896800;
Ирандагы элчилик — +989352505226
ТИМдин Консулдук башкармалыгы — +996999312002.

Жакынкы Чыгышта абал барган сайын курчуп жатат. Иран Израилге каршы ракеталык чабуул жасап, муну Ливандагы «Хезболла» уюмуна каршы Израилдин операциясы үчүн өч алуу катары түшүндүргөн.

Израилдин абадан коргоо системасы 180 ракетанын көбүн атып түшүрүп, Ирандын бул чабуулунун кесепети оор болорун эскерткен. Ошол эле маалда Израил Плестинадагы «Хамас», Ливандагы «Хезболла» уюмуна каршы да чабуул жүргүзүүдө.