Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигитинин камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Автандил Сабырбеков менен анын бир тууган агасы Тариэлдин камактагы мөөнөтү 3-декабрга чейин узартылды. Алар сатуу максатында ири өлчөмдө мыйзамсыз маңзат даярдаган деп шектелүүдө.

Бир туугандар Автандил президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоевага баш кошуу сунушун киргизгенден кийин кармалган. Ал кыздын колун тоодо сурап, аларды ал жерге 157 миң сомдон ашык каражатка сатып алынган ӨКМдин тик учагы жеткирген.

Видео коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып, ага президент өзү да комментарий бергенге аргасыз болгон. Садыр Жапаров карындашынын колу шаан-шөкөттүн коштоосунда суралганы үчүн элден кечирим сурап, өлкө башчысынын туугандары башкалар үчүн үлгү болуп, ысырапкорчулукка жол бербеши керектигин айткан.

Сабырбеков камалгандан кийин президенттик администрациядан «шектүүнүн башкы максаты — өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды табуу болгонун» билдиришкен. Ошондой эле, Сабырбеков Нуркожоеванын мурдагы жигити экенин белгилешкен. Лазат өзү бул боюнча комментарий бере элек.