Сүрөт баян: Оштогу селде жабыркаган лөлү тектүү тургундардын турмушу

Image descriptionОшто 14-июлдагы селден жабыркагандардын арасында Ак-Буура дарыясынын боюнда жашаган лөлү тектүү тургундар да бар. 19 үй-бүлө эки айдан бери жараксыз деп табылган үйлөрүндө күн кечиришүүдө. Мэрия аларга Кең-Сай массивинен жер бөлүп берген, бирок тургундар ал жакка баруудан баш тартышууда.

Алар жерди шаардагы өздөрү жашаган Жаңы-Маала аймагынан берүүнү талап кылышууда. Ал эми мэриядан алар сураган жерлер сугат экенин айтып, Кең-Сайдан башка жер жок экенин айтышты.