Сот кызматкерлеринин өз пансионаты болот — Минкабдын токтому

Image descriptionМинкабдын башчысы Акылбек Жапаров сот кызматкерлери үчүн «Пансионат “Фемида”» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу токтомго кол койду. Документ өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитине 27-сентябрда жарыяланды.

Ага ылайык, пансионаттын түзүүчүсү Жогорку соттун алдындагы Соттук департамент болот.

«Сот системасында иштеген кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо жана алардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн», — деп жазылган токтомдо.

20-сентябрда Кыргызстандын сот системасына 100 жыл болгон. Анда президент сот органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде 350 орундуу пансионат ачыларын билдирген. Садыр Жапаровдун айтымында, сот системасына колдоо көрсөтүү керек, анткени ал — ар бир мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнүн жана мыйзамдуулуктук башкы таянычы.