Сот журналисттердин иши боюнча өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды

Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live жана «Айт, Айт десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин иши боюнча сот отуруму өттү.

Анда иштин тогуз фигуранты акыркы сөзүн айтты. Алардын баары тең акыйкат чечим күтүп жатышканын билдиришти. Журналисттер Сапар Акунбеков менен Тыныстан Асыпбеков акыркы сөзүн айтууга үлгүргөн жок. Буга байланыштуу процесс 10-октябрга жылдырылды — анда өкүм чыгат деп күтүлүүдө.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Temirov Live долбоорунун башчысы Махабат Тажыбек кызы акыркы сөзүндө журналисттер камакта отурганда да иштегенин белгиледи.

«Махабат [Тажыбек кызы] айтып жатат: “Биз түрмөдө жөн эле отурган жокпуз, ал жерде иштедик. Биз менен чогуу укугу бузулуп отургандарга кеңештерибизди айтып, жардам бердик». Журналисттер менен жарандык активисттердин түрмөдө да жумушу болот экен»,
— деди Абдирасулова.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо айыпталуучулардын ар бири үчүн алты жылдан эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Temirov Live журналисттеринин ишинде 13 фигурант бар. Долбоордун азыркы жана мурдагы 11 кызматкери 16-январда жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган. Махабат Тажыбек кызы менен журналист Актилек Капаровго жапырт башаламандыкка чакырык жасоону «уюштуруу» айыбы тагылган. Калган журналисттер, анын ичинде Болот Темиров менен Улан Нурманбетов ал чакырыктарга «көмөктөшкөн» деп айыпталууда. Иштин бардык фигуранттары коюлуп жаткан айыпка макул эмес.