Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга өттү — Мирзиёев макулдашууну бекитти

«Бостери, «Рахат», «Энесай» пансионаттары жана курулуп бүтө элек «Бустон» объектиси өзбек тарапка өттү. Алар Чолпон-Ата шаарында, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жана Тоң районунда жайгашкан.

Курорттук-рекреациялык чарба объектилери тууралуу Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бекитти. Бул тууралуу Өзбекстан мыйзамдарынын улуттук базасынын сайтына жарыяланды.

Документте макулдашуу «объектилерге болгон менчик укугун жөнгө салууга» жана «алардын андан аркы иштешин камсыз кылууга» багытталганы жазылган.

Макулдашууга ылайык, өзбек тарап пансионаттарды бери дегенде эле үч жылдыздуу мейманкана комплекси кылып реконструкциядан өткөрүшү керек. Ошол эле маалда анда иштеген кызматкерлердин 80% кем эмеси Кыргызстандын жарандары болушу шарт. Ошондой эле документте пансионаттардын кум жээктерине кыргызстандыктар эркин кире алары белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын бийлиги пансионаттар өзбек тарапка узак мөөнөттүү колдонууга — 49 жылга берилип, бул үчүн алар объектилерди реконструкциядан өткөрөрүн билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, 2016-жылы өлкөнүн ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев аталган пансионаттарды улутташтырган. Буга байланыштуу Өзбекстан Вашингтондогу эл аралык сотко кайрылып, 65 млн доллар чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылган.

2023-жылы майда сот кыргыз тарапты Өзбекстанга 40 млн доллардан ашык акча төлөп берүүгө милдеттендерген. Жапаров Кыргызстандын бул сумманы төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, ошондуктан объектилерди Өзбекстанга 49 жылга берип жатканын айткан.

Бирок жаңы макулдашууда 49 жылга ижарага берүү жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Мындан тышкары документке ылайык, пансионаттар реконструкциялангандан кийин өзбек тарап объектилерди үчүнчү жактарга берсе болот.